Парламент телекөрсөтүүсүндөгү Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган саамалык № 6 АОТК МГ 5-А классынын окуучуларына да келип жетти. 2018-ж 3-декабрь күнү 5-А классынын окуучулары,куратору Турдубаева Бактыгүл Каримовна КР Жогорку Кеңешинин депутаты Рада Туманбаева менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Рада Мураталыевна Ч.Айтматов жөнүндө ой- толгоосун айтып, окуучуларга жакшы маанай тартуулады. Ошондой эле Айтматовго арналган кароо-сынактардын катышуучусу Ташыбеков Санжар Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинен үзүндү айтып берди.ЖК депутат Рада Мураталиевна сөзүн жыйынтыктап жатып, окуучулардын окууларына ийгилик каалап, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдук жыйнагын белекке берди.
Бул китептер Айтматовдун ааламына чоң жол ачат деген ишеничтемин.
Бактыгүл Турдубаева
http://auvk6.kg/9-news/483-adamga-e-kyjyny-k-n-sajyn-adam-boluu-ch-ajtmatov-6-aotk-mg-okuuchulary-parlament-teleber-s-nd.html#sigFreeIdb4f287414c